Президенттик Администрация мектептеги жеткиликтүү билим берүү реформасын баштады
- 11 месяцев мурун
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев “Өкмөттүн акселераторлору” программасынын алкагында 100 күндүк реформалардын кезектеги кадамдарын сунуштады. Анын ичинде жеке менчик башталгыч мектептерди лицензиялоо тартибин жөнөкөйлөтүү негизги демилгелердин бири болду.
Ал мамлекеттик мектептерде, айрыкча Бишкек, Ош, Чүй жана Жалал-Абадда окуучулар үчүн орун жетишсиздиги олуттуу көйгөйгө айланганын белгилеп, бул маселе билим сапатына терс таасир тийгизип жатканын айтты.
Жеткиликтүү билим берүү жана мектептердин жетишсиздигин жоюу биздин негизги милдеттерибиздин бири. Бүгүнкү күндө бул маселе мамлекеттик деңгээлдеги артыкчылыктуу багыттардын бири», — деди Адылбек Касымалиев.
Касымалиев жеке мектептердин санын көбөйтүү аркылуу бул көйгөйдү чечүүгө болорун айтып, жеке секторду өнөктөш катары карап, бюрократиялык тоскоолдуктарды жоюп, лицензиялоо жараяндарын тездетүүнү тапшырды.




