Президентти жана ЖК депутаттарын шайлоо мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилди
- 2 месяца мурун
Президент Садыр Жапаров президентти жана Жогорку Кеңештин (ЖК) депутаттарын шайлоо жөнүндө конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамга 28-апрелде кол койду.
Мыйзам 2025-жылдын 16-апрелинде Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.
Бул мыйзамдын максаты мыйзамдын 48-беренесинин 1-бөлүгүнүн ченемин Конституциясы жөнүндө мыйзамдын 3-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык келтирүү жана президенттин кезектеги шайлоонун мөөнөттөрүн тактоо болуп саналат.
Ушуга байланыштуу, конституциялык мыйзамдын 48-беренесинин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалган:
- Президентти кезектеги шайлоо иштеп жаткан президенттин шайланган ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктоочу жылдын январь айынын төртүнчү жекшембисинде өткөрүлөт жана шайлоо күнүнө чейин 4 айдан кечиктирбестен Жогорку Кеңеш тарабынан дайындалат.”
Мындан тышкары, президенттик шайлоого катышууга талапкердин жаш курагына байланыштуу мыйзамдын 50-берененин 3-бөлүгүндө “35 жаштан төмөн эмес” деген сөздөр “добуш берүү күнүнө карата 35 жашка чыккан” деген сөздөргө алмаштырылган.