Президентти жана ЖК депутаттарын шайлоо мыйзамына өзгөртүү киргизүү долбоору колдоого ээ болду
- 2 месяца мурун
Бүгүн, 24-апрелде, Жогорку Кеңештин (ЖК) жыйынында «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралып, кабыл алынды.
Мыйзам долбоору менен конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин төрайымы Чолпон Султанбекова тааныштырып, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жол-жоболорун өркүндөтүү, саясий коррупцияга каршы күрөшүү жана шайлоонун учурдагы системасынын кемчиликтерин четтетүү, жарандардын эл өкүлдөрүнө болгон ишеним деңгээлин жогорулатуу максатында иштелип чыкканын белгиледи.
Сүрөт: kenesh.kg
Муну бөлүшүү