Президент “Жер — ынтымак” конушунун тургундары менен жолугушту

  • 2 года мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 18-ноябрда, Президенттин администрациясынын имаратынын алдында чогулган Бишкек шаарынын түштүк-батыш көрүстөнүнүн жанындагы “Жер — ынтымак” конушунун тургундары менен жолугушту.

Алар Президентке кайрылып, жер тилкелерине “кызыл китептерин” 15 жылдан бери ала албай келишкенин, анткени конуш орун алган жер расмий түрдө санитардык-коргоочу аймакка кирерин айтып беришти.

Аталган конушта 1300 үй орун алып, жалпысынын 5-10 миң киши жашап, алар каттоосу жоктугунан улам башка жарандар менен катар мамлекеттик кызматтарды ала албай келишет.

Буга байланыштуу “Жер — ынтымак” конушунун тургундары бийликтегилерден документтерди каттап берүү маселесин болушунча тез чечип берүүнү өтүнүшөт.

Мамлекет башчы алардын кайрылуусун угуп, анын тапшырмасы менен тийиштүү адистер жерине барып, маселени изилдеп жана кырдаал боюнча маалымат беришерин белгиледи. Маселе изилденген соң тийиштүү чечим кабыл алынат.

Президенттин айтымында, облустарда көйгөй этап-этабы менен чечилүүдө. Жакында эле борбор жанындагы ТЭЦ-2 жерлерин трансформациялоо жана тургундарга “кызыл китептерин” берүү тапшырмасы берилди. Бул маселелердин баарын чечүүгө убакыт керек.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты