Президент Жапон мамлекеттик катчысы Киёто Цудзини кабыл алды
- 3 месяца мурун
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 3-июнда, Жапониянын мамлекеттик катчысы, тышкы иштер вице-министри Киёто Цудзини кабыл алды.
Бул тууралуу преденттин сайтында маалымат берилди.
Садыр Жапаров «Борбордук Азия+Япония» диалогунун мамлекет башчыларынын биринчи саммитин өткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
Мамлекеттик катчы, Япониянын тышкы иштер улук вице-министри Киёто Цудзи өз кезегинде кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирип, «Борбор Азия + Япония» диалогунун саммитин өткөрүү аймактын өлкөлөрүнүн көп жактуу өз ара аракеттенүүсүн өнүктүрүүдөгү тарыхый учур болуп калышы керектигин белгиледи.
Сүрөт: president.kg
Муну бөлүшүү