Президент Жапаровдун Кытайга иш сапары аяктады 

Президент Садыр Жапаровдун Пекин шаарына 3-февралдан 6-февралга чейин болгон иш сапары аяктады.

Сапардын алкагында мамлекет башчы кышкы Олимпиада оюндарынын расмий ачылыш аземине катышып, Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Өлкө лидерлери саясий, соода-экономикалык, инвестициялык, энергетикалык жана башка тармактарда эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Президент Садыр Жапаров иш сапарын аяктап, бүгүн, 6-февралда Бишкекке кайтып келди.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты