Президент Жапаров жумушчу сапары менен Түркмөнстанга учуп кетти — делегациянын курамы

  • 2 года мурун

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 28-ноябрда жумушчу сапары менен Түркмөнстандын Ашхабад шаарына учуп кетти.

Президенттин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, сапардын алкагында Жапаров Экономикалык кызматташтык уюмунун (ЭКУ) 15-саммитине катышат.

Аталган уюмга мүчө мамлекеттердин мамлекет башчылары ЭКУ мейкиндигинде регионалдык экономикалык кызматташтыктын актуалдуу жана негизги темалары боюнча пикир алмашышат, ошондой эле Түркмөнстандын Уюмга жана анын уставдык органдарына төрагалыгынын жыйынтыгын чыгарары күтүлүүдө.

Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамында президентти төмөндөгү кызмат адамдары коштоп кетти:

— тышкы иштер министри Руслан Казакбаев;

— президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Жээнбек Кулубаев;

— Кыргыз Республикасынын Түркмөнстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Талант Султанов;

— экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев

— Кыргыз Республикасынын Экономикалык Кызматташтык Уюмундагы Туруктуу өкүлү, Кыргыз Республикасынын Иран Ислам Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Турдакун Сыдыков.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты