Президент Жапаров Өзбекстандын тышкы иштер министри Владимир Норовду кабыл алды

  • 1 год мурун

Президент Садыр Жапаров 3-ноябрда Өзбекстандын тышкы иштер министри Владимир Норовду кабыл алды.

Ар тараптуу кыргыз-өзбек кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүү, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана эки тарапты кызыктырган башка тармактарда биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча пикир алмашуу болду.

Садыр Жапаров Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёевге саламын жана каалоолорун жолдоду.

Өз кезегинде Владимир Норов Президент Садыр Жапаровго жолугушуу үчүн ыраазычылык билдирди. Ал эки өлкөнүн министрлеринин деңгээлинде эки тараптуу кызматташтыктын бардык маселелери боюнча саясий консультациялар өткөнүн билдирди.

Анын ичинде Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга боло турган мамлекеттик сапары, аны уюштуруу-жана башка маселелер талкууланган.

Жолугушууда Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы мамлекеттик чек ара боюнча келишим эки өлкөнүн кызыкчылыгына жооп берери белгиленди.

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты