Президент Жапаров Япониянын өкүлдөр палатасынын депутаты Тосиаки Эндону кабыл алды

  • 10 месяцев мурун

Президент Садыр Жапаров Япониянын либералдык-демократиялык партиясынын Башкы кеңешинин төрагасы, өкүлдөр палатасынын депутаты Тосиаки Эндону кабыл алды.

Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы кабарлады.

Президент Япониянын эл аралык кызматташтык агенттигинин «Бир айыл – бир продукт» долбоорунун жакшы жыйынтыктарын белгилеп, ага улуттук макам берилип, мындан ары өлкөнүн бардык аймактарында кеңейтүү чечимин айтты.

“Япония дүйнөдөгү экономикасы күчтүү алдыңкы өлкөлөрдүн бири экенин эске алуу менен, кыргыз тарап улуттук экономиканы өнүктүрүү үчүн Япониядан алдыңкы технологияларды жана инновацияларды тартууга кызыкдар. Гидроэнергетика тармагында чакан ГЭСтерди куруу жана эксплуатациялоо боюнча долбоорлорго катышууга чакырам. Туризм тармагы дагы жакшы дараметке ээ” деди.

Япония жарандарына буга чейин он жыл мурун визасыз режим киргизилгенин жана япониялык туристтерге кыргыз тарап ар дайым кубанычта экенин кошумчалады.

Өз кезегинде Япониянын либералдык-демократиялык партиясынын башкы кеңешинин төрагасы, өкүлдөр палатасынын депутаты Тосиаки Эндо бул анын Кыргызстанга биринчи сапары экенин белгиледи.

Ал өлкө жетекчилигинин Японияга чакыруусун Садыр Жапаровго жеткирди.  

Парламенттик карым-катнаш тууралуу айтып, Тосиаки Эндо Япония тарап адам ресурстарын инвестициялоого басым жасоо менен кыргыз тарап менен кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө кызыкдар жана даяр экенин кошумчалады.

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты