Президент Жапаров Волкодавды «Голос» сынагындагы жеңиши менен куттуктады

  • 2 года мурун

Президент Садыр Жапаров «Фейсбук» баракчасы аркылуу Орусиянын «Голос» долбоорунда жеңүүчү аталган кыргызстандык Александр Волкодавды куттуктады.

Ал өз куттуктоосунда Жаңы жылдын алдында жалпы кыргызстандыктарды кубандырган эң сонун жаңылык Москвадан келгенин жазган.

«Мекендешибиз Александр Волкодав абройлуу «Голос» теледолбоорунун мааракелик сезонунун жеңүүчүсү болду. Бул чет элдик вокалдык шоунун финалын миллиондогон көрүүчүлөр бир дем менен көрүп отурду десек аша чапкан болбойбуз. Бүт өлкө кыргызстандык Александр Волкодавды телеэкрандан сүрөп турушту. Мекендешибиз сынактын бардык баскычтарын ийгиликтүү өтүп, мыктынын мыктысы экенин далилдеди. Мекендештерибиздин арасында Кыргызстандын даңкын өлкө сыртына да даңазалаган таланттуу жаштар бар экенине абдан сыймыктанабыз. Александрдын жеңиши биз үчүн жаңы жылдык эң сонун белек болду. Ага мындан ары дагы албан-албан ийгиликтерди, чоң-чоң жетишкендиктер менен жеңиштерди каалайм!».

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты