Президент Жапаров Венгрия Президенти Каталин Новак менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү
- 4 months мурун
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 13-февралда расмий сапардын алкагында Венгриянын Президенти Каталин Новак менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.
Жолугушуу президенттик резиденцияда – Будапешт шаарындагы Шандора сарайында өттү.
Садыр Жапаров менен Каталин Новак жекеме-жеке форматтагы сүйлөшүү залына өтүп, андан соң кеңейтилген курамда жолугушуу болуп, эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери, анын ичинде саясий, соода-экономикалык кызматташтыкты бекемдөө жана маданий-гуманитардык өз ара аракеттенүү маселелери талкууланды.
Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы.
Муну бөлүшүү