Президент Жапаров ТҮРКСОЙ баш катчысы Султан Раевди кабыл алды

  • 2 года мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-апрелде, ТҮРКСОЙдун баш катчысы Султан Раевди кабыл алды.

Жолугушууда түрк дүйнөсүнүн өлкөлөрүнүн ортосундагы маданий алмашууну тереңдетүү жаатында Кыргызстан менен ТҮРКСОЙдун кызматташуусу тууралуу маселелер талкууланды.

“Биринчи жолу Кыргыз Республикасынын өкүлү бул уюмдун Башкы катчысы болуп жатканы бизди кубандырат. Андан тышкары, күзүндө Кыргызстандын өкүлү Түрк мамлекеттер уюмунун башкы катчысы болот. Ошондуктан келерки жылдар Кыргызстан үчүн түрк дүйнөсүндө абдан маанилүү мезгил болот деп эсептейм” деди Президент Жапаров.

Султан Раев мамлекет башчысына уюмдун ишин активдештирүү жана түрк элдеринин маданиятын, анын ичинде кыргыз маданиятын, кыргыз фольклорун жана “Манас” эпосун жайылтуу боюнча мындан аркы пландар тууралуу маалымат берди.

«Биздин негизги максатыбыз түрк элдеринин интеграциясына салым кошуп, маданият аркылуу бириктирүү»  деди ал. 

Жолугушууда ошондой эле Кыргыз Республикасынын Түркиянын Бурса шаарында өтүүчү IV дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуусуна даярдык көрүү, анын ичинде кыргыз элинин руханий жана маданий баалуулуктарын жайылтуу маселелери талкууланды.

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты