Президент Жапаров түрк мамлекеттер уюмунун аксакалдары менен жолугушту

  • 2 года мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 8-августта, Түрк мамлекеттер уюмунун аксакалдары менен жолугушту.

Президент белгилегендей, аксакалдар кеңеши өзүнүн ишмердүүлүгүнүн жылдарында мамлекет башчыларынын кеңеши таянган маанилүү кеңешүүчү органга айланды. Бул уюмдун символдору — желеги жана логотиби, Түрк дүйнөсүнүн сыйлыгы бекитилди, Түрк дүйнөсүнүн университеттер союзу түзүлүп, түрк дүйнөсүнүн тарыхы боюнча жаш муундарды тарбиялай турган бирдиктүү окуу китеби даярдалууда.

Жолугушуунун жыйынтыгында катышуучулар түрк тилдүү мамлекеттердин ортосундагы саясий, экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды активдештирүү зарылчылыгы тууралуу бир пикирге келишти.

Президент Садыр Жапаров жолугушууда Кыргыз Республикасы менен Түркия ортосундагы достукту жана кызматташтыкты чыңдоого кошкон зор салымы үчүн Түрк мамлекеттеринин аксакалдар кеңешинин төрагасы Бинали Йылдырымды «Данакер» ордени менен сыйлады.

Мамлекет башчы менен жолугушууга Кыргызстандан (Медеткан Шеримкулов), Азербайжандан (Гасан Азиз оглы Гасанов), Казакстандан (Икрам Адырбеков), Түркиядан (Бинали Йылдырым), Өзбекстандан (Бахтиёр Сайфуллаев), Түркмөнстандан (Реджеп Базаров), ошондой эле Түрк мамлекеттер уюмунун башкы катчысы — Багдад Амреев катышты.

Маалымат үчүн: Аксакалдар кеңеши сунуш берүүчү орган болуп саналат жана Уюмга мүчө-өлкөлөрдүн кадыр-барктуу жарандарынын (мурдагы премьер-министрлер, министрлер, депутаттар, элчилер) арасынан дайындалган аксакалдарынан турат. Кеңеште Кыргызстандан Жогорку Кеңештин мурунку төрагасы Медеткан Шеримкулов көрсөтүлгөн.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты