Президент Жапаров: «Ширшов бир дагы мамлекеттик ишканага жологон жок»

  • 1 месяц мурун

Президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине берген кыскача маегинде Алексей Ширшов жана «Капитал банк» боюнча жооп берди.

-Ал эми Ширшов боюнча көптөн бери эле ар кандай ушактарды таратып келе жатышат. Ширшовду эки-үч жыл мурда мен кабыл алгам. Андан көптөгөн маалыматтарды алганбыз. Ал маалыматтардын пайдасы менен Максим Бакиевдин жана анын досторуна тиешелүү ири компанияны мамлекетке кайтардык. Юстиция министрлиги Францияда дагы бир вилласын кайтаруу боюнча иштеп жатат,- деди Жапаров.

Ошондой эле Ширшов бир дагв мамлекеттик ишканага жолобогонун белгиледи:

-Ширшов бир дагы мамлекеттик ишканага жакын жологон жок. Жолотпойбуз дагы. “Капитал банк” болсо – 100 пайыз мамлекеттик банк. Каржы министрлиги 100 пайыз ээлик кылат жана аны толук көзөмөлдөп турат. Мурда Америка тарап “Керемет банкка”, “силер санкцияга кирген товарлардын акчаларын которуп, Россияга жардам берип жатасыңар” деп санкцияга киргизгенден кийин, “анда рубль менен бир эле банк иштесин, баары көзөмөлдө болсун, керек болсо күндө силерге отчёт берип турсун” деп “Капитал банкты” аныктаганбыз. Ошондуктан бүгүнкү күндө рубль менен бир гана “Капитал банк” иштеп жатат. Башка банктарга рублдан башка валюталарга эч кандай чек жок. Каалагандай иштей беришсе болот. Анан эми рубль менен иштеп, көп каражат таап жүргөн банктар рублдан пайда таппай калып кыжаалат болуп, анан ушундай жалган ушактарды таратып жатышат» деди мамлекет башчы.

-Эч кандай “Ширшов-Миршов” дегендер жок. “Капитал банк” мамлекеттин, тагыраагы, Каржы министрлигинин көзөмөлүндө иштейт. Тапкан пайдасы 100 пайыз мамлекетке түшөт. Ошондуктан ар кандай имиштерге ишене бериштин кажети жок. Эми биздин ушундай кадамдарыбыздан кийин дагы Америка тарап банктарыбызга санкция сала беришсе, анда бул аракеттерин жөн гана Кыргыз мамлекетине болгон бут тосуулары деп билсек болот, -деди Жапаров «Кабар2 агенттигине берген маегинде.

Ал эми Temirov Live журналисттери «Евразиялык сактык банкы» Ширшовго тиешелүү адамга өткөнүн, Ширшовдун «Капитал банкка» тиешеси жоктугун жазган. Садыр Жапаров «Кабарга» берген маегинде «Евразиялык сактык банкы» Ширшовго тиешелүү адамдарга өттү дегенге жооп берген эмес.

УКМК Алексей Ширшов коррупцияга шектелип кармалганын билдирген. УКМК маалыматында айтылгандай, Ысык-Көл райондук жана облустук, Бишкектин жана Чүй, Ысык-Көл облустарынын район аралык, Жогорку соттордун жана президенттин иш башкармалыгынын, мамлекеттик мүлк фондунун, мамлекеттик каттоо кызматынын кызмат адамдары катышкан коррупциялык схема түзүлүп, кымбат баалуу 56 батир жана 27 коттедж жеке структуралардын карамагына өткөрүлгөн.

Атайын кызмат буга чейин кармалгандардан тышкары бул иште негизги уюштуруучулардын бири Алексей Ширшов болгонун, бул топ мамлекеттик жана сот органдарындагы жогорку деңгээлдеги кызмат адамдарына акча жана кыймылсыз мүлк, анын ичинде «Аврора Плюстун» мүлкүнөн берип, алардын калкалоосуна ээ болгону тууралуу далилдер аныкталганын маалымдаган.

УКМК бул коррупциялык схема аркылуу мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирилгенин белгилеп, чогултулган далилдердин негизинде Алексей Ширшов жазык кодексинин “Коррупция” беренесинин негизинде шектүү катары кармалганын жана атайын кызматтын тергөө абагына киргизилгенин билдирген.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты