Президент Жапаров Режеп Тайып Эрдоганды куттуктады

  • 1 год мурун

Президент Садыр Жапаров Түркиядагы президенттик шайлоонун экинчи айлампасында атаандашынан көп добуш алган Режеп Тайып Эрдоганды жеңиши менен куттуктады.

Жапаров бул тууралуу Фейсбуктагы баракчасына жазды. Ал «Түркия атаандаштык жана демократиялык шайлоонун үлгүсүн көрсөттү” деп белгиледи.

“Биздин өлкөлөр ортосундагы достук жана бир туугандык мамилелер мындан ары да стратегиялык өнөктөштүк жана боордоштук деминде бекемделе берерине толук ишенем” деп жазды Жапаров.

«Анадолу» маалымат агенттигинин маалыматына ылайык, үкөктөрдүн 99,85% саналып бүттү. Жыйынтыгында Режеп Тайып Эрдоган 52, 16% добуш алды. Анын атаандашы, бирдиктүү оппозициянын талапкери Кемал Кылычдароглуна шайлоочулардын 47, 84% добуш берген.

Президенттик шайлоонун экинчи айлампасында жеңишке жеткен талапкер 2028-жылга чейин, беш жылдык мөөнөткө шайланат.

Эрдоган 21 жылдан бери бийликте турган АК партияны жетектеп келет. Ал буга чейин Стамбул шаарынын мэри, өлкөнүн премьер-министри кызматтарын аркалаган.

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты