Президент Жапаров Ош базарын кыдырды  

Президент Cадыр Жапаров бүгүн, 8-февралда, Бишкекте  Ош базарын кыдырып жүрөт.

Президенттин пресс-катчысы Эрбол Султанбаевдин маалыматына караганда, Президент ишкерлер менен контролдук-кассалык машина (ККМ)  боюнча соодагерлер менен пикир алышууда.  

 Президент Садыр Жапаров Салык кодексине кол койгон. Документти Жогорку Кеңеш 2021-жылдын 22-декабрында кабыл алган.

Буга чейин «Дордой», «Дордой Моторс» жана «Таатан» өңдүү ири базарлардагы соодагерлер кассалык аппараттарды киргизүүгө каршы нааразылык акциясына чыгышкан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты