Президент Жапаров Лавровдун кыргыз  тил мыйзамы тууралуу айтканына пикирин билдирди

  • 9 месяцев мурун

Мамлекет башчы Садыр Жапаров Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун кыргыз тил мыйзамы тууралуу айткандары боюнча суроого «Кабар» мамлекеттик агенттигине 24-июлда берген маегинде жооп берди.

Жакында эле Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров бизде мамлекеттик тил боюнча мыйзамдын кабыл алынышына карата пикирин билдирди. Анда ал бардык мамлекеттик кызматкерлерди мамлекеттик тилди билүүгө милдеттүү кылуу демократиялуу эмес экенин, мамлекеттик кызматкерлерден тышкары буга мугалимдер, дарыгерлер кошулганын айткан. Чын эле эми бул мыйзамдын иштөөсү менен расмий тил — орус тили дискриминация болобу?

-Сергей Лавров мыйзамды окубай туруп эле сүйлөп атса керек. Ал мыйзамда орус тили дискриминация болсун деген түшүнүк жок. Тескерисинче, орус тили расмий тил катары колдонулат деп турат. Бул норма баш мыйзамда да бар. Бул нормалар кала берет. Мугалимдер менен врачтарга тиешеси жок. Элестетиңиз, мектепке орус улутундагы орус тил мугалимин алып атабыз дейли. Анан аны “сен кыргызча билбейт экенсиң” деп кызматка албай коебузбу? Бизге кыргыз тили кандай керек болсо, орус тили дагы ошондой керек. Анткени КМШ өлкөлөрү менен орус тилсиз иштей албайсың. Кытай, араб өлкөлөрүнө, ошол эле Европа өлкөлөрүнө барганда дагы орус тилинде сүйлөшүп атпайбызбы. Бул жерде биз өз тилибизди да толук өздөштүрөлү деп атабыз да. Мамлекеттик кызматкерлердин, депутаттардын сүйлөгөндөрүн байкасаңар, жарымы орусча, жарымы кыргызча. Эч бирибиз же толук орусча сүйлөбөйбүз же толук кыргызча сүйлөбөйбүз. Аралаштырып урдуруп кете беребиз.

Ошондуктан эки тилди тең бирдей өздөштүрөлү. Керек болсо англис, француз, кытай тилин да үйрөнөлү. Канчалык көп тил билсен, ошончолук өзүңө жакшы эмеспи, -деди президент Садыр Жапаров.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Кыргызстанда жакында эле кабыл алынган кыргыз тили жөнүндө мыйзамга байланыштуу пикирин билдиргени 23-июлда белгилүү болду.

Орусия ТИМинин маалыматына караганда, Лавров бул тууралуу 19-июлда коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушканда айткан.

Ал “Орусиядагы кырдаал боюнча объективдүү маалымат жеткирүүгө, орус тилин, маданиятын, чет мамлекетте атамекендик билимди илгерилетүүгө аракет кылуу зарылдыгы турганын белгилеп, азыр КМШда оңой эмес процесстер болуп жатканына” токтолгон.

“Борбор Азияда мыйзамдарды жигердүү сүрөп жатышат. Кыргызстанда бир канча ай мурда мыйзам кабыл алынган. Бул идея жаңыдан жаралганда, биз кыргыз досторубузга бул анчейин демократиялуу эмес кадам экенин эскерткенбиз. Мен бардык мамлекеттик кызматкерлерди кыргызча билип, ошол тил менен иштөөгө милдеттендирүүнү айтып жатам. Мамлекеттик кызматкерлердин бул тобуна мугалимдер да, мамлекеттик медициналык мекемелердеги дарыгерлер да кирип калды. Биз ишти улантабыз. Бир канча жолу эскерттик, бирок башка нукка салынып калды. Кыргызстандын Конституциясында орус тили улуттук баарлашуунун тили бойдон калганына карабай” деди Лавров.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты