Президент Жапаров Кытай премьери Ли Цянды кабыл алды

  • 6 месяцев мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 25-октябрда, Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчылар кеңешинин жыйынына катышуу үчүн өлкөгө расмий сапар менен келген Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Цянды кабыл алды.

Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматта белгиленгендей, Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыктын кеңири чөйрөсү боюнча пикир алмашуу болду.

Садыр Жапаров акыркы жылдары кыргыз-кытай мамилелеринин активдешүүсү байкалып жатканын, ар кандай деңгээлдеги өз ара сапарлардын динамикасы буга далил экенин канааттануу менен белгиледи.

Ал соода-экономикалык өз ара аракеттенүүгө өзгөчө басым жасады. Кытай көп жылдар бою кыргыз тарап үчүн негизги соода жана инвестициялык өнөктөштөрдүн бири болуп келген жана ошонусун улантууда.

Тактап айтканда, президент Жапаров бүгүнкү күндө кыргыз-кытай биргелешкен ири жана негизги долбоорун — «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолун курууну белгиледи.. Ошондой эле жалпы чек араны эске алганда, Кытай менен энергетика жаатында, анын ичинде энергиянын кайра жаралуучу булактары боюнча долбоорлорду ишке ашырууга Кытай инвестицияларын тартуу менен кызматташуу абдан келечектүү болуп саналат.

Ли Цян эки лидердин жетекчилиги астында натыйжалуу кыргыз-кытай стратегиялык көп пландуу кызматташтык түзүлөт деген ишенимин билдирди.

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты