Президент Жапаров: Кыргызстан Германия менен активдүү кызматташууну колдойт

  • 1 год мурун

Бүгүн, 22-июнда, президент Садыр Жапаров менен өлкөгө расмий сапар менен келген Германиянын федералдык президенти Франк-Вальтер Штайнмайердин сүйлөшүүлөрү болду.

Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматта айтылгандай, өлкө лидерлери кыргыз-герман эки жана көп тараптуу кызматташтыктын кеңири чөйрөдөгү маселелерин, ошондой эле бардык тармактардагы өз ара мамилелерди мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты.

Мамлекет башчы бүгүнкү сүйлөшүүлөр кыргыз-герман кызматташтыгын деталдуу талкуулоого жакшы мүмкүнчүлүк берерине терең ишенерин айтты.

Өз кезегинде Франк-Вальтер Штайнмайер Садыр Жапаровго Кыргызстанга расмий сапар менен келүүгө чакыргандыгы үчүн ыраазычылык билдирди. Бул анын керемет Кыргызстан өлкөсүнө үчүнчү ирет келиши.

Германиянын Президенти Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы дипломатиялык мамилелерге 30 жылдан ашык убакыт болгонун белгиледи. Германия Кыргызстандын көз карандысыздыгын эң алгачкы этапта биринчилерден болуп тааныган өлкөлөрдүн катарында.

Садыр Жапаров өз сөзүн улап, Кыргызстан Европада гана эмес, дүйнөдөгү лидер мамлекеттердин бири болгон Германия менен активдүү кызматташууну колдоорун белгиледи.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты