Президент Жапаров: Кыргыз-тажик чек арасындагы окуя менин толук көзөмөлүмдө

  • 2 года мурун

Президент Садыр Жапаров кыргыз-тажик чек арасындагы окуяларды толук көзөмөлдөп жатканын Фейсбук баракчасы аркылуу билдирди.  

-Чек арада болуп жаткан окуялар биринчи мүнөттөрдөн баштап, толук менин көзөмөлүмдө. Кудай буюрса баарын тынчтык жана сүйлөшүүлөр жолу менен чечебиз. Кабатыр болбой тургула. Кырдаалды курчутуш үчүн жалган маалымат таратып жаткан ММКларга жана башка өлкөлөрдүн кызыкчылыгын колдогон саясатчыларга ишенбегиле, -деди мамлекет башчы.

Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун Төрт-Көчө тилкесинде куралдуу кагылыштан улам Ак-Татыр айыл аймагынын Орто-Боз айылынын тургундары Баткен районунун Рават айылына көчүрүлгөн..

Ошондой эле, Жака-Өрүк, Ак-Татыр айыл аймагынын Үч-Дөбө, Самаркандек айыл аймагынын, Самаркандек, Ак-Сай, Таш-Тумшук айылдарынын жергиликтүү тургундары эвакуацияланууда. Алар жеке автоунаалары менен Баткен районунун Рават айылына көчүрүлүүдө.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Чек ара кызматы 27-январда кечки саат 18:30дар чамасында Тажикстан Баткен-Исфана жолунун Төрт-Көчө аймагын бир тараптуу жаап койгонун кабарлады.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты