Президент Жапаров иш сапары менен БАЭге барат
- 1 year мурун
Президент Садыр Жапаров 30-октябрдан 1-ноябрга чейин Бириккен Араб Эмираттарында иш сапары менен болот.
Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Сапардын алкагында Кыргызстан менен БАЭ ортосундагы кызматташтыктын келечегин талкуулоого багытталган жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөр пландаштырылган.
Анда бир катар документтерге кол коюу мерчемделүүдө.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.
Муну бөлүшүү