Президент Жапаров Ирандын элчилигинде иран элине көңүл айтты

  • 2 месяца мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 22-майда, Ирандын Кыргыз Республикасындагы элчилигинде элчи Голамхоссейн Ядегари менен жолугушту жана Иран элине көңүл айтты.

Бул тууралуу мамлекет башчынын сайтында жазылды.

Маалыматта Садыр Жапаров көңүл айтуу китебине жазуу калтырганы белгиленди.

Анда Кыргызстан элинин жана жеке өзүнүн атынан тик учактын каргашалуу кырсыкка учурашынан улам Иран президенти Эбрахим Раисинин жана бир катар жогорку кызмат адамдарынын курман болгондугуна байланыштуу Иран элинин аза кайгысын тең бөлүшөрүн билдирип, көңүл айтты. 

Президент Жапаров Ирандын элчилигинде иран элине көңүл айтты

Иранда президент Эбрахим Раиси бараткан тик учак аба ырайынын айынан жерге араң барып конууга мажбур болгонун 19-майдын кечинде өлкөнүн ички иштер министри Ахмад Вахиди билдирген. Окуяны «кыйынчылык менен конуу» деп атаган министр куткаруучулардын ал жерге жетүүсү оор болуп жатканын белгилеген.

Mehr маалымат агенттиги билдиргендей, тик учактагылардын баары – президент Ибрахим Раиси, тышкы иштер министри Хосейн Амир Абдоллахиян, Чыгыш Азербайжан провинциясынын губернатору Малик Рахмати жана аятолла Мохаммед Али Але-Хашем каза тапты. Тик учакта бардыгы 8 адам болгон, анын ичинде президенттин коопсуздук кеңешинин кызматкерлери жана экипаж.

Президентти коштоп дагы эки тик учак жүргөнү, алар бара турган жерине аман жеткени маалымдалды.

Окуя Ирандын борбору Тегеран шаарынан 600 чакырым түндүк-батыш тараптагы, Азербайжан менен чек ара тилкесиндеги Чыгыш Азербайжан деп аталган провинциянын Жулфа шаарынын аймагында болду.

IRNA агенттигинин маалыматына караганда, куткаруучу тик учак окуя болгон жерге барып, бирок калың тумандын айынан коно албай, кайра кайтты.

Раиси 19-май күнү эртең менен Азербайжанга барып, бул өлкөнүн президенти Илхам Алиев менен чогуу плотинанын ачылышына катышкан. Бул — эки өлкө Аракс дарыясына курган үчүнчү плотина.

63 жаштагы Раиси Ирандын президенти болуп 2021-жылы шайланган. Раиси жогорку руханий лидер Али Хаменеинин жакын санаалаштарынын бири экени белгилүү.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты