Президент Жапаров футбол боюнча улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Штефан Тарковичке көңүл айтты

  • 1 месяц мурун

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын башкы машыктыруучусу Штефан Тарковичке атасынын дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу көңүл айтты.

Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

“Сизге жана үй-бүлөңүзгө терең кайгыруу менен көңүл айтып, орду толгус оор жоготууңузду тең бөлүшөм.

Бала кезиңизде спортко болгон шык-жөндөмүңүздү байкап, келечекте белгилүү футболчу болуп чыгышыңызга атаңыздын салымы чоң экенин жакшы билебиз Жогорку деңгээлдеги футболчу, машыктыруучуну тарбиялаган атаңызга терең таазим этип, ушундай азалуу күндө дагы кыргыз элинин үмүтү болгон Улуттук курама команда менен чогуу болгонуңузга ыраазычылык билдирем” деп айтылат анда.

Футболчуларыбыз алдыдагы оюнга даярданып жаткан учурда тагдырдын оор сыноосуна карабай, Улуттук команда менен бирге болуу чечимиңизди футболчуларыбыз да, спорт күйөрмандары да – жалпы эле кыргыз эли жогору баалайт деп бекем ишенем.

Башкы машыктыруучунун мындай мамилесин түшүнгөн футболчуларыбыз, алдыдагы мелдеште татыктуу оюн көрсөтөрүнө үмүт артам” деди өлкө башчысы.

Кыргызстандын футболчулары Кытайдын Тайбэй курама командасы менен беттешүүсү күтүлүүдө.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты