Президент Кыргызстандын футболчулар командасын колдоп барды

Президент Садыр Жапаров кечээ, 10-июнда, борбор шаардын Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионунда өткөн Кыргыз Республикасы менен Афганистандын улуттук курама командаларынын футболдук беттешине барды.

Беттеш Борбор Азия футбол ассоциациясынын (CAFA)  кечээ башталган биринчи эл аралык турниринин алкагында өттү.

Турнирдин беттештери 10-20-июнь күндөрү Ташкент менен Бишкекте Кыргызстан, Өзбекстан, Афганистан, Иран, Оман, Тажикстан жана Түркмөнстандын Улуттук курама командаларынын ортосунда өтөт.

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Афганистандын курама командасын 1:0 эсеби менен утуп алды.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты