Египеттеги мелдеш: Кыргызстандын курама командасы үчүнчү орунду ээледи   

  • 1 год мурун

Египеттеги грек-рим күрөшү боюнча мелдештин командалык эсебинде Кыргызстандын курама командасы үчүнчү орунду ээледи.

Биринчи орунда — Грузия жана экинчини Казакстан командасы жеңип алды.

Кыргызстандын курама командасынан 82 кг салмакта Акылбек Талантбеков күмүш медаль, 83 кг салмакта Сыймык Махмудов, 67 кг салмакта Раззак Бейшекеев коло медалга татыктуу болду.

Египеттеги эл аралык мелдеште кыз-келиндер күрөшү боюнча Айсулуу Тыныбекова алтын, Мээрим Жуманазарова менен Айпери Медет кызы коло медаль утту

Спорттук күрөш боюнча мелдеш Египеттин Александрия шаарында 23-24-февралда өттү.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты