Штефан Таркович Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын башкы машыктыруучусу болуп бекитилди

  • 1 год мурун

Словакиядан келген  Штефан Таркович Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын башкы машыктыруучусу болуп бекитилди.

Бул тууралуу чечимди Кыргызстандын футбол боюнча федерециясынын аткаруу комитети бүгүн, 24-апрелде кабыл алды.

Маалыматта айтылгандай, 30 талапкер каралып, анын ичинен курама команданын башкы машыктыруучусу кызматына эң ылайыктуу 5 талапкер тандалды.

КФС аткаруу комитетинин чечими менен Словакиядан келген адис Штефан Таркович Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын башкы машыктыруучусу болуп бекитилди.

Улуттук курама команданын 50 жаштагы жаңы машыктыруучусунун УЕФА Pro машыктыруучулук лицензиясы жана Кыргызстандын курама командасын жетектөө үчүн жетиштүү тажрыйбасы бар.

Словакия курама командасынын башкы машыктыруучусунун жардамчысы катары Штефан Таркович төмөнкүдөй жетишкендиктерге ээ:

“Bangkok Cup” Кубогундагы жеңиш/2018-жылдын март айы;

ЕВРО 2016/2016-жылдын июль айы плей-оффко чыгуу;

Словакия курама командасынын ФИФА рейтингиндеги эң жогорку орду (14-орун) / 2015-жылдын августу.

Словакия курама командасынын башкы машыктыруучусу катары:

 ЕВРО-2020га чыгуу / 2020-жылдын ноябрь айы.

УЕФАнын аналитиги болгон.

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин кызматынан кеткен. Ал курама команданы 2014-жылдын октябрь айынан бери жетектеп келген. Анын машыктыруусу алдында футбол боюнча улуттук команда бир кыйла жетишкендиктерге жетишкен. Анын жетектөөсүндөгү курама команданын биринчи жеңиши 2014-жылдын 13-декабрындагы Кытай командасы менен жолдоштук беттешүүдөн башталган. Кыргызстандын курама командасы 2014-жылы дүйнөлүк рейтингдеги 150-орундан 75-орунга көтөрүлгөн.

Сүрөт: Кыргызстан футбол федерациясы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты