Футбол боюнча улуттук курама команда Дохада алгачкы машыгуусун өткөрдү

  • 4 месяца мурун

Футбол боюнча улуттук курама команда Катар мамлекетиндеги Доха шаарындагы алгачкы машыгуусун өткөрдү.

Бул тууралуу Футбол бирикмеси кабарлады.

Футболчулар эртең, 9-январда Вьетнам команласы менен контролдук оюнга даярданып жатат.

Бүгүн команда залда эртең мененки машыгуу өткөрдү. Кечки машыгуу Al Egla спорт комплексинин оюн талааларында болот.

 Катарда 12-январдан 10-февралга чейин өтчү Азия Кубогунун финалдык бөлүгүнө 24 команда тандалат. Кыргызстан F тайпасында 16-январда Тайланд, 21-январда Сауд Аравиясы, 25-январда Оман командасы менен ойнойт.

Сүрөт: Кыргыз футбол бирикмеси.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты