Президент Жапаров Европа Кеңешинин президенти Шарль Мишель менен жолугушту

  • 1 год мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 27-октябрда, Астана шаарында Европа Кеңешинин Президенти Шарль Мишель менен жолугушту.

Кыргызстан менен Европа Биримдиги (ЕБ) өлкөлөрүнүн ортосундагы кызматташууну бекемдөө чаралары талкууланды.

Ошондой эле тараптар күн тартибинде турган глобалдуу маселелердин кеңири чөйрөсү, анын ичинде аймактык коопсуздук маселеси боюнча пикир алышты.

Президент Садыр Жапаров соода-экономикалык байланыштарды жандандыруунун жана кыргыз товарларын Европа рыногуна экспорттоону жылдыруунун актуалдуулугун эске алуу менен Кыргызстанга преференциялардын жалпы системасы+ (ПЖС+) макамын узартуу маселесин козгоду. 

Өз кезегинде Европа Кеңешинин президенти Шарль Мишель ЕБ Борбор Азия менен кызматташууну эң маанилүү багыттардын бири катары карай турганын баса белгиледи. ЕБ бул чөлкөм менен, атап айтканда Кыргызстан менен экономикалык байланыштарды чыңдоого багытталган кызматташтыкты жакшыртууга жана жандандырууга даяр. 

Ал ошондой эле даярдалып жаткан Кыргызстан менен Европа Биримдигинин ортосунда Кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык келишимине кол коюуну канааттануу менен белгилеп, өз ара кызматташуу үчүн Кыргызстанга конкреттүү долбоорлорду сунуштоого даяр экенин айтты. 

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты