Президент Жапаров ЕЭК коллегия төрагасы Михаил Мясниковичти кабыл алды

  • 1 год мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 8-декабрда, Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы Михаил Мясниковичти кабыл алды.

Тараптар Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин алдыда боло турган отурумунун күн тартибин, ошондой эле Евразия экономикалык биримдигинин учурдагы абалын жана мындан аркы өнүгүү келечегин талкуулашты.

Садыр Жапаров Кыргызстандын быйылкы жылы Биримдиктеги төрагалыгынын болжолдуу жыйынтыктарына токтолду.
Өз кезегинде Михаил Мясникович ЕАЭБ алкагында интеграциялык процесстердин артыкчылыктуу багыттарын талкуулоо мүмкүнчүлүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты