Президент Жапаров Душанбеге иш сапар менен барат

  • 8 месяцев мурун

Президент Садыр Жапаров Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун чакыруусу менен 14-сентябрда Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын Бешинчи консультативтик жолугушуусуна катышуу үчүн Душанбе шаарына иш сапар менен барат.

Бул туурасында президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

«Иш-чарага Борбор Азиянын башка мамлекеттеринин башчылары катышары күтүлөт.

Сапардын алкагында Садыр Жапаров Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

Душанбеде боло турган Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын Бешинчи консультативтик жолугушуусу көп тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин, ошондой эле регионалдык өз ара аракеттенүүнүн келечегин талкуулоону көздөйт деп күтүлүүдө» деп билдирди Азымбакиев.

Сүрөт: Душанбе шаары. Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты