Президент Жапаров: Бишкек АКШ менен Борбор Азиянын кызматташтыгын жактайт

  • 10 месяцев мурун

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров АКШ-Борбор Азия форматында кызматташуу Бишкектин тышкы саясатынын маанилүү багыттарынын бири экенин белгиледи.

19-сентябрда Жапаров Нью-Йорктогу С5+1 саммитинде сүйлөгөн сөзүндө дө бул формат өз ара түшүнүүнү жана ишенимди бекемдөөгө, коопсуздукту жана туруктуулукту камсыздоого, соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталышы зарылдыгын белгиледи.

Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, Жапаров кен жана энергетикалык ресурстарды пайдалануу маселесине да токтолуп, Кыргызстан чет өлкөлүк өнөктөштөрдүн, анын ичинде америкалык бизнестин региондогу өкүлчүлүгүн жактай турганын айтты.

«Биз «жашыл» экономика, гидроэнергетика, IT-технология, жумуш менен камсыз кылуу жана билим берүү сыяктуу негизги багыттар боюнча кеңири эл аралык кызматташууга даярбыз», — деди Жапаров.

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты