Президент Жапаров Бириккен Араб Эмираттарына иш сапар менен барат  

  • 5 месяцев мурун

Президент Садыр Жапаров 30-ноябрдан 2-декабрга чейин Бириккен Араб Эмираттарына, Дубай шаарында өтө турган  БУУнун климаттык өзгөрүшү жөнүндө Алкактык конвенциясынын тараптарынын жыйынына барат.

Бул тууралуу президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

“БАЭдеги 30-ноябрдан 2-декабрга чейинки кезектеги Климаттык конфренецияга дүйнө жүзү боюнча лидерлер чогулуп, климаттын өзгөрүшүнө каршы Париж келишимин ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашат жана глобалдык жылуулукту чектөө боюнча  мындан аркы кадамдарды аныкташат” деди ал.

1-декабрда Садыр Жапаров 28-конференциянын пленардык жыйынында сөз сүйлөйт.

2-декабрда БАЭ менен энергетика жана инвестиция жаатында бир катар биргелешкен документтерге кол коюу пландалууда.

Иш сапардын аягында мамлекет башчы БАЭнин улуттук күнүн майдамдоого катышат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты