Президент Жапаров БАЭ президенти Мухаммед бин Заед Аль Нахайян менен жолугушту

  • 1 год мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 31-октябрда, Абу-Даби шаарында Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) Президенти, шейх Мухаммед бин Заед Аль Нахайян менен жолугушту.

Мамлекет башчылар эки өлкөнүн ортосундагы алака-катышты өнүктүрүүнүн келечегин, соода-экономикалык, билим берүү, гуманитардык, инвестициялык жана башка эки тарапты кызыктырган чөйрөлөрдөгү кызматташтыкты арттыруу маселелерин талкуулашты.

Садыр Жапаров эки мамлекеттин ортосундагы соода көлөмү үстүбүздөгү жылдын 8 айында 69 млн АКШ долларын түзгөнүн айтып, ал ар жыл сайын өсүп жатканын, тараптар мындай жакшы динамиканы келерки жылдарда күчөтө алышарын баса белгиледи.

Ошондой эле ал соода-экономикалык алакадагы башка жакшы саамалыктарды – быйыл БАЭге эт жана таза сууну экспорттоо башталганын, жакын арада Дубай жана Ош шаарларынын ортосунда түз авиакаттам ачуу мерчемделип жатканын, туризм тармагында сезилерлик өнүгүү бар экенине токтолду.

Президент Садыр Жапаров эмираттык инвесторлорду Кыргызстанда аймактык авиахаб түзүү боюнча долбоорлорду, ошондой эле гидроэнергетика тармагындагы долбоорлорду биргелешип ишке ашырууга чакырды. Мындан сырткары, Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүктөрү тууралуу сөз кылды.

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты