Президент Жапаров БАЭ энергетика министри Сухэйл-Аль Мазруи менен жолугушту

  • 2 года мурун

Президент Садыр Жапаров 17-майда Абу-Даби шаарында экономикалык кызматташтык боюнча экономикалык кызматташтык боюнча Кыргыз-Эмират өкмөт аралык комиссиясынын теңтөрагасы, Бириккен Араб Эмираттарынын энергетика жана инфраструктура министри Сухэйл Аль Мазруи менен жолугушту.

Кыргыз-эмират кызматташтыгынын соода-экономикалык жана инвестициялык чөйрөлөрдө кызматташтыгын активдештирүү боюнча пикир алмашуу болду.

Аны менен катар, Кыргызстандагы инвестициялык климатты жакшыртуу жана бул багытта БАЭ тажрыйбасын колдонуу боюнча иш тобунун ишмердүүлүгүн активдештирүү зарылдыгына өзгөчө көңүл бурулду.

Ошондой эле, меймандарга тийиштүү шарттарды түзүү менен БАЭден Кыргызстанга туристтерди тартуу боюнча маселелер талкууланды.

 Буга чейин Садыр Жапаров бүгүн, 17-майда, Бириккен Араб Эмираттарына (БАЭ) барды, ал БАЭ Президенти шейх Халиф бин Заед Аль Нахайяндын мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу жеке көңүл айтты.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты