Президент Жапаров Азербайжанга иш сапары менен барды
- 3 месяца мурун
Садыр Жапаров бүгүн, 6-октябрда, Илхам Алиевдин чакыруусу боюнча Азербайжанга иш сапары менен барды. Бул тууралуу президенттин сайтында маалымдалды.
Габала шаарынын эл аралык аэропортунда Түрк мамлекеттер уюмуна (ТМУ) мүчө-өлкөлөрдүн мамлекеттик туулары илинип, килем төшөлүп, ардактуу кароол тизилген.
Президент Садыр Жапаровду Азербайжандын илим жана билим берүү министри Эмин Амруллаев жана башка расмий адамдар тосуп алышты.
Иш сапардын жүрүшүндө мамлекет башчы Түрк мамлекеттер уюмунун мамлекет башчыларынын кезектеги саммитине катышат. Анын алкагында аймактык жана эл аралык саясаттын маанилүү маселелери талкууланат, ошондой эле Кыргыз Республикасынын ТМУдагы төрагалыгынын жыйынтыгын чыгарат.
Саммиттин жыйынтыгында уюмга мүчө-мамлекеттердин саясий, экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка чөйрөлөрдөгү өз ара аракеттенүүсүн бекемдөөгө багытталган Габала декларациясына жана башка чечимдерге кол коюлат.
Сүрөт: president.kg




