Президент Жапаров дүйнө чемпиону болгон Акжол Махмудовду куттуктады

  • 2 года мурун

Президент Садыр Жапаров спорттук күрөш боюнча дүйнө чемпиону болгон Акжол Махмудовду «Фейсбук» баракчасы аркылуу куттуктады.

-Азаматсың, Акжол баатыр! Кыргыз элине эле эмес жалпы эле күрөш сүйүүчүлөргө кызыктуу күрөш тартуулап, таза жеңишке жетиштиң. Кыргыз эли маңдайы жарыла сүйүнүп, кубанычында чек жок.

Бардыгы алкап, олимпиада алтынын күтүп жатканы жашыруун эмес. Сенин да чоң спорттогу башкы максатың ошол болсо керек. Андыктан сага бекем ден соолук, спорттук ийгилик каалайм!

Бар бол баатыр!-деди Садыр Жапаров.  

Кечээ, 11-сентябрда грек-рим күрөшү боюнча Сербияда өткөн дүйнө биринчилигинде кыргызстандык спортчу Акжол Махмудов 77 килограммга чейинки салмакта венгриялык атаандашы Золтан Леваи менен ат салышып, 8:0 эсебинде жеңип чыкты.   Акжол Махмудов дүйнө чемпиону болду.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты