Президент Жапаров Австрияга сапарын аяктап, Берлинге барды
- 2 года мурун
Президент Садыр Жапаров 25-ноябрда расмий сапар менен Германия Федеративдүү Республикасына барды.
Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.
Садыр Жапаровду Германиянын тышкы иштер министрлигинин протокол жетекчисинин орун басары Фолькер Тиммерман жана башка расмий адамдар тосуп алышты.
Расмий сапардын алкагында Садыр Жапаровдун Германиянын федералдык президенти Франк-Вальтер Штайнмайер жана федералдык канцлер Олаф Шольц менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрү пландаштырылган.
Тараптар кыргыз-герман эки тараптуу кызматташтыгын жана аларды өнүктүрүү келечегин талкуулашат, ошондой эле аймактык жана эл аралык мүнөздөгү маселелер боюнча пикир алмашат.
Мындан тышкары, мамлекет башчы германиялык бизнес өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрөт.
Буга чейин Садыр Жапаров Австрияга болгон расмий сапарынын алкагында Австриянын федералдык президенти Александер Ван дер Беллен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.
Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы




