Асман шаарынын курулуусуна макулсузбу? Сурамжылоо

Ысык-Көл облусунда курулуусу пландалып жаткан экологиялык таза Асман шаарынын курулушуна макулсузбу? 

2021-жылдын октябрь айында Ысык-Көл облусунда «Экологиялык таза Асман шаары» долбоорун ишке ашыруу максатында мамлекеттик дирекция түзүлгөн. 

Мамлекеттик дирекцияны коррупцияга айыпталып жаткан ишкер, “Элит Хаус” курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Тимур Файзиев жетектейт.

Анын айтымында, Ысык-Көлдө курулчу Асман шаары 500 миң кишиге эсептелген. Кийинчерээк шаар калкынын саны 1 миллион кишиге чейин жетиши мүмкүн. Ал эми долбоордун курулуш иштери ушул жылдын жаз айларында башталат.

Расмий маалыматка караганда, шаарды курууга болжол менен 20 миллиард доллар кетет. Долбоор Бишкекке жүк келтирбөө, туризмди өнүктүрүүнү көздөйт.

Айрым адистер мындан көлдүн экологиясы бузулушу ыктымалдыгын айтып, андан көрө бар шаарларды оңдоп, өндүрүштү жандантуу керектигин сунуштап чыгышкан. 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты