Президент Жапаров АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысы Дональд Луну кабыл алды

  • 1 год мурун

Садыр Жапаров бүгүн, 24-апрелде, Кыргызстанга жумушчу сапар менен келген АКШнын мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбордук Азия иштери боюнча жардамчысы Дональд Луну кабыл алды.

Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Кыргыз-америка кызматташтыгынын актуалдуу маселелери жана артыкчылыктары боюнча пикир алмашуу болду.

Мамлекет башчы Дональд Лунун өлкөгө болгон сапары  мындан аркы өз ара аракеттенүү үчүн жакшы белги экенин белгиледи.

Садыр Жапаров жетишилген бардык макулдашуулар, «жашыл экономикага» инвестицияларды тартуу жаатында белгиленген кызматташуу өз убагында ишке ашырылат деген ишенимин билдирди. Ал Кыргызстан чет элдик инвестициялар үчүн,  тактап айтканда алдыңкы технологиялары жана заманбап өндүрүшү бар компаниялар үчүн ачык экендигине көңүл бурду.

Өз кезегинде АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысы Дональд Лу Кыргызстанга кайрадан келип жатканын чоң кубануу менен белгиледи. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, ал ошондой эле Президент Садыр Жапаровду Сириянын түндүк-чыгышынан өлкөнүн 59 жаранынын мекенине ийгиликтүү кайтарылып келиши менен куттуктап, алар бул маселеде мындан ары да кызматташууга даяр экенин билдирди.

Мындан тышкары, Дональд Лу белгилегендей, америкалык тараптын Кыргызстан менен  экономикалык кызматташууну өнүктүрүү, атап айтканда, санариптик экономиканы колдоо, ошондой эле өз ара пайдалуу өнөктөштүктүн башка багыттарын жана мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгуу ниети бар.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты