Президент Жапаров АКШга иш сапары менен барат

  • 2 месяца мурун

Президент Садыр Жапаров 22-25-сентябрда Нью-Йорк шаарында БУУнун Башкы ассамблеясынын 80-юбилейлик сессиясына катышат.

Бул тууралуу президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сагынбек Абдумуталип билдирди.

Иш сапарынын алкагында Садыр Жапаров БУУнун Башкы Ассамблеясынын жалпы дебаттарында сөз сүйлөйт.

Мамлекет башчы ошондой эле БУУнун Коопсуздук Кеңешинин «Жасалма интеллект: эл аралык коопсуздук жана тынчтык» темасындагы ачык дебаттарына жана Климаттын өзгөрүшү боюнча жогорку деңгээлдеги атайын иш-чарага катышат.

Мындан тышкары, БУУнун Башкы ассамблеясынын алкагында президенттин БУУнун Башкы катчысы А.Гутерриш, Америка, Европа, Азия жана Африка өлкөлөрүнүн мамлекеттеринин жана делегацияларынын башчылары менен эки тараптуу жолугушуулары пландаштырылган.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты