Президент “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолун кабыл алуу жөнүндө жарлыкка кол койду

  • 2 месяца мурун

Президент Садыр Жапаров “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолун бекитүү жөнүндө жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

“Узак жана кызыктуу тарыхка, мол коомдук-саясий тажрыйбага ээ, руханий байлыгы терең, наркты бекем карманып келген кыргыз эли буйрукка жараша, эгемендикке ээ болгон жылдарында уңгулуу жолунан адашып, улуттук баалуулуктары анчалык көңүлгө алынбай, нарк ченемдерине ширелген коомдук институттары мурдагыдай болбой, даанышмандар баштаган улут билгелери баркталбай, улуттук сыймыгы төмөндөп, жарандык сезими мокоп, келечекке болгон ишеними азайып, куттуу мамлекетинин алсыроо мезгилине дуушар болду.

Кыргыз Республикасынын эли ушул күнгө чейин келечекке ишеним жарата турган, коомдун мүмкүнчүлүгүн жаратмандыкка багыттоо күчүнө ээ, элдин биримдигин, уюмдашуу жөндөмүн арттыра алган, узак мөөнөттүү идеологияга, башбагытка муктаж бойдон калып келди. Аталган кырдаалдан ылдам чыгуунун ишенимдүү жолдорунун бири, кыргыз жарандарын бир муштумга бириктире турган, куттуу келечекке ишеним арттырган, жарандык мекенчилдикти күчөткөн, улуттун демин арттырып, ага дымак берген, жаңы демилгелердин жаралышына жол ачкан идеяларды иштеп чыгып, аны ыкчамдык менен ишке киргизүү экендиги маалым болду”, — деп жазылган жарлыкта.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты