Президент тигүү цехтери, курулуш компаниялары токтой баштаганын айтып, жумушка чакырды

  • 2 месяца мурун

Садыр Жапаров акыркы убактарда жумушчу күчү жетишпегендиктен тигүү цехтери, курулуш компаниялары токтой баштаганын Фейсбук баракчасында айтып, жарандарды эигек министрлигине кайрылып, жумушка орношууга чакырды.

-Өлкө боюнча жумушчу күчү жетишпей жатат. Акыркы эки жылдан бери активдүү иштеп баштаган тигүү цехтери, курулуш компаниялары, ж.б. токтой баштады, -деди Садыр Жапаров.

“Тейлөө тармагына да кызматкерлер жетишпей жаткандыгы боюнча кайрылуулар түшүп, компаниялардын жетекчилери чет өлкөлөрдөн келе турган жумушчулар үчүн квоталарды көбөйтүшүбүздү суранышууда”.

Ошондуктан ушундай кайрылуу кылууга туура келди. Кимде ким жумуш таппай жүргөн болсо, эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине кайрылыңыздар. Алар сиздерге жумуш сунуштайт. Эмгек акылардын көлөмү 20 -30 миң сом (иш жөндөмүнө жана  көлөмүнө жараша мындан да жогору болот). Иш боюнча суроолоруңуздарга эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин тийиштүү адистери жооп берет.

Булар тууралуу президент Фейсбук баракчасында маалымдады.

Телефон аркылуу маалымат алуу иш күндөрү 09:00дөн 18:00гө чейин (ишемби, жекшемби – дем алуу күндөрү). Байланыш телефону: 1899.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты