Президент ШКУга мүчө-мамлекеттердин Коргоо министрлерин кабыл алды

  • 1 месяц мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-апрелде, Коргоо министрлеринин кеңешмесине катышуу үчүн келген Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө-мамлекеттердин коргоо ведомстволорунун жетекчилерин кабыл алды.

Бул тууралуу президенттин сайтында маалымат жарыяланды.

Маллыматта мамлекет башчы Кыргызстан ШКУнун учурдагы төрагасы катары биргелешкен машыгууларды өткөрүүгө, тажрыйба алмашууга жана коргоо ведомстволорунун ортосундагы координацияны бекемдөөгө өзгөчө маани берери белгиленди.

Президент Коргоо министрлеринин кеңешмесинин алкагында жетишилген макулдашуулар ШКУ мейкиндигинде коргоо кызматташтыгын жана жалпы коопсуздукту мындан ары бекемдөөгө өбөлгө түзөт деген ишенимин билдирди.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты