Президент Садыр Жапаровдун Беларуска болгон  иш сапары аяктады 

  • 12 месяцев мурун

Президент Садыр Жапаровдун Беларусь Республикасына болгон иш сапары ийгиликтүү аяктады.

Сапардын алкагында мамлекет башчысы 26-июнь күнү Минск шаарында өткөн Евразия экономикалык форумуна катышты. Форум БелЭКСПО эл аралык көргөзмө борборунун аянтында өтүп, анда ЖЕЭКке мүчө мамлекеттердин лидерлери беларусь техникаларынын үлгүлөрү менен таанышышты.

Иш сапардын экинчи күнү президент Садыр Жапаров Евразия экономикалык кеңешинин кезектеги жыйынына катышты. Иш-чарага ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин башчылары: Армениянын Премьер-министри Никол Пашинян (онлайн форматта), Беларусь Президенти Александр Лукашенко, Казакстан Президенти Касым-Жомарт Токаев, Россия Президенти Владимир Путин жана ЕАЭК Комиссиясынын коллегиясынын төрагасы Бакытжан Сагинтаев катышышты. 

Ошондой эле жыйынга уюмга байкоочу мамлекеттер – Өзбекстан жана Куба, ошондой эле чакырылган конок катары Монголия менен БАЭнин жетекчилери да катышты. ЖЕЭК жыйынынын жыйынтыгында бир катар маанилүү көп тараптуу документтерге кол коюлду.

Беларусь Республикасындагы иш сапарын ийгиликтүү жыйынтыктаган президент Садыр Жапаров 27-июнь күнү Чолпон-Ата шаарына кайтып келди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты