Президент Садыр Жапаров Жаштар күнү менен куттуктады

  • 1 год мурун

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 10-ноябрда, өлкөнүн жаштарын Жаштар күнү менен куттуктады. Бул тууралуу Президенттин маалымат кызматы билдирди.

Куттуктоодо жаштардын өлкөнүн өнүгүүсүндөгү орду жөнүндө айтылган:

«Урматтуу жаш муун өкүлдөрү! 

Силерди Жаштар күнү менен чын жүрөктөн куттуктаймын! Жаштар биздин негизги таянычыбыз жана бөксөргүс байлыгыбыз деп билем. Кечээ жакындагы Баткен окуяларында жаштыгын Мекен чегине арнап, берген антына бекем туруп, ѳлкѳбүздүн эгемендиги үчүн ѳмүрүн аябаган жоокерлерибиздин эрдиктери эч качан унутулбайт. Дегеле өлкө башына кандай кыйынчылык түшпөсүн, Ата Мекендин “жеңилин жерден, оорун колдон алган” жаштарыбыз четтен чыгат. Дүйнөнү каптаган коронавирус апаатында, Баткендеги куралдуу кагылыштарда социалдык курч көйгөйлөрдү чечүүдө жана өлкөнүн башына түшкөн башка мүшкүл иштерде биздин жаштарыбыз кыргыз элине арка-бел болуп беришти. Мындай жаштары бар кыргыз эли эч качан башын жерге салбайт!» — деп айтылган куттуктоодо.

Эске сала кетсек, бүгүн Кыргызстанда жана бүткүл дүйнөдө Жаштар күнү белгиленүүдө. Бул күн Кыргыз Өкмөтү тарабынан 2002-жылы негизделген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты