Президент Садыр Жапаров Си Цзиньпин менен жолугушту

  • 11 месяцев мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 18-майда,  болгон мамлекеттик сапарынын алкагында Сиань шаарында Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушту.

Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Кыргыз-кытай эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери, алдыда боло турган “Кытай – Борбор Азия” саммитинин күн тартиби, жогорку деңгээлдеги макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшү жана түрдүү тармактарда биргелешкен долбоорлор талкууланды.

Си Цзиньпин ишке ашырылып жаткан долбоорлор кытай-кыргыз өз ара байланыштарынын бүтүндөй комплексине кубаттуу импульс берет деген ишенимин билдирди.

КЭР төрагасы “Кытай – Борбор Азия” саммити тууралуу айтып жатып, ал маанилүү этап болуп калаарына жана аны менен кызматташтыктын жаңы доору ачыларына басым жасады.

«Биз кызматташтыктын ушул форматын бекемдешибиз керек»- деди Си Цзиньпин.

Кытайдын төрагасы ошондой эле айыл чарба, транспорт, билим берүү, көзөмөл-өткөрүү пункттарын модернизациялоо, глобалдык жана аймактык коопсуздук жаатында кызматташууга даяр экенин айтты.

Өз кезегинде Президент Садыр Жапаров Си Цзиньпинге Кытайга мамлекеттик визит менен келип кетүүгө жана “Борбор Азия – Кытай” саммитине катышууга чакырганы үчүн ыраазычылык билдирди. 

“Бул сапар биздин мамлекеттер аралык мамилелерибизди тереңдетүүгө жана аны жаңы жогорку сапаттык деңгээлге – ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүккө көтөрүүгө олуттуу түрткү берет деп күтөбүз” деди.

Президент Садыр Жапаров кыргыз тараптын боло турган “Борбор Азия – Кытай” саммитинен үмүтү чоң экенин белгиледи. Бул диалог аянтчасы регион үчүн актуалдуу жана бардык алты мамлекетти кызыктырган маселелер боюнча өз ара аракеттенүүнүн, талкуулоонун жана чечимдерди кабыл алуунун маанилүү механизми болуп саналат.

«Бүгүнкү күндө кыргыз-кытай мамилелери эң жогорку деңгээлде экенин канааттануу менен белгилейм. Эки мамлекет ортосунда эч кандай саясий пикир келишпестиктер, чечилбеген маселелер жок. Биз бири-бирибизге эң актуалдуу, абдан маанилүү маселелер боюнча колдоо көрсөтөбүз. Саясий өз ара ишенимдин жогорку деңгээли өлкөлөрүбүздүн ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүүгө жана өркүндөтүүгө эң сонун мүмкүнчүлүк берет» деди мамлекет башчы Садыр Жапаров.

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты