Президент Садыр Жапаров эмгек өргүүсүнө чыкты

  • 3 года мурун

Президент Садыр Жапаров 10-январдан тартып кыска мөөнөттүү эмгек өргүүсүнө чыкты. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы кабарлады.

«Мамлекет башчысы өлкөдөгү жана чөлкөмдөгү кырдаал тууралуу толук маалымат алып турат. Министрлер кабинетинин жана башка мамлекеттик органдардын жетекчилиги менен байланышта болот», — деп айтылат маалыматта.

Президенттин администрациясы Садыр Жапаровдун эмгек өргүүсү кайсы убакка чейин созуларын тактаган эмес.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты