Кыргыз-казак министрлери Казакстан ижарага алган пансионаттар жөнүндө сүйлөштү

  • 2 месяца мурун

30-майда Бишкекте Кыргызстандын экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев менен Казакстандын финансы министри Мади Такиев баштаган делегациялардын жолугушуусу болуп өттү.

Бул тууралуу Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлиги кабарлады.

Жолугушууда эки тараптуу кызматташтыктын жогорку деңгээли белгиленип, экономика тармагындагы бир катар маселелер талкууланды.

Тараптар анын ичинде Казакстан ижарага алган, Ысык-Көл облусунун аймагындагы курорттук-рекреациялык объекттерди иштетүү жана реконструкциялоо маселесине өзгөчө көңүл бурушту.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө коңшу өлкөнүн министри Мади Такиев казак тарап Казакстандын Алматы облусун Кыргызстандын Ысык-Көл облусу менен байланыштырган автожолду курууга даярдыгы жөнүндө билдирди.

Кыргыз өкмөтү көл жээгиндеги «КазГу», «Олимп», «Казакстан» жана «Самал» пансионаттарын 2006-жылы 49 жылдык мөөнөткө деп Казакстанга ижарага берген. Эки тараптуу келишимде эс алуу жайлары 6-7 жылдын аралыгында оңдоп-түзөөдөн өтүп, туризмди өнүктүрүү боюнча чоң долбоорлор ишке ашары жазылган.

2023-жылдын сентябрында Жогорку Кеңештин депутаттары бул маселени тармактык комитеттин жыйынында көтөрүшкөн. Депутат Улукбек Ормонов “башка мамлекеттерге ижарага берилген пансионаттар жөнүндө келишимдин шарттары аткарылбай жатат” деп сынга алган.

Экономика жана коммерция министринин орун басары Самат Шатманов Казакстан ижарага алган пансионаттар ал өлкөнүн министрликтерине караштуу болгондуктан, Кыргызстан талап кылган 3-4 жылдыздуу мейманканаларды курууга каражаттар жетишсиз болуп жатканын билдирген. Шатманов муну үчүн казак тарап тиешелүү келишимдерге “инвесторлорду тартуу боюнча өзгөртүү киргизип бергиле деп суранып” жатканын айткан.

Кыргызстандын башка коңшусу Өзбекстан да Ысык-Көлдөн төрт пансионатты 49 жылга ижарага алган. Былтыртан тартып пансионат куруу үчүн Азербайжанга 17 гектар жер берилген.

Сүрөт: mineconom.gov

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты