Президент расмий сапар менен Венгрияга жөнөп кетти

  • 1 год мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 12-февралда, расмий сапар менен Венгрияга жөнөп кетти.

Расмий сапардын алкагында жогорку деңгээлдеги эки тараптуу сүйлөшүүлөр, кыргыз-венгер бизнес форуму жана башка иш-чаралардын өткөрүлүшү күтүлүүдө.

Расмий делегациясынын курамында  — мамлекет башчынын жубайы Айгүл Жапарова,  тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев, президенттик даминистрциянын  тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев, Венгриядагы элчи Талантбек Кушчубеков, билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов,  санариптик өнүктүрүү министри Талантбек Иманов, экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев, юстиция министри Аяз Баетов бар.

Буга чейин Президент Садыр Жапаров 12-14-февралда Венгрияга расмий сапар менен барары кабарланган.

Расмий сүрөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты