Президент Ошто МИКтин “Асман Резиденс №1” турак жай комплексин ачты

  • 1 месяц мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 8-июнда, Ош шаарындагы Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан курулган “Асман Резиденс №1” турак жай комплексин жана онлайн-режимде Ош облусундагы Жаңы-Арык айылындагы комплексти ачты.

Бул тууралуу президенттин расмий сайтында кабарланды.  

Өлкөбүздүн бардык аймактарында 82 миңден ашуун батирдин курулушу жүрүп жатканын айтты.

Мамлекет башчы Ош облусу боюнча 2044 батирлүү 3 турак жай комплекси курулуп жатканын баса белгиледи. Ош шаарында 5518 батирлүү 4 турак жай комплексинин курулушу жүрүп жатат. Анын ичинде “Асман Резиденс — 1” турак жай комплекси бар.

Бул комплекс 8 блоктон турган, 12 кабаттуу заманбап турак үй болуп саналат. Жалпы 543 батирден турат. Жер астындагы унаа токтотуучу жай, балдар аянтчасы, коммерциялык жайлар жана башка зарыл инфраструктуралар каралган. Комплекс заманбап архитектуралык стилде иштелип чыккан, короо аймагы көрктөндүрүлүп, күзөт тутуму менен камсыздалган.

Президент “Асман Резиденс — 1” турак жай комплекси менен бирге Кара-Суу районунун Жаңы-Арык айылында көп кабаттуу 5 үйдү онлайн ачты. Биринчи этабында 225 батир тапшырылды, 2-этап менен жыл соңуна чейин дагы 225 батир курулуп бүтүп, ээлерине берилет.

Мындан тышкары президент курулуш иштерине көзөмөл кескин күчөтүлүп, катуу текшерүүгө алынганына өзгөчө көңүл бурду.

Караколдогу турак жайдын чатырынан суу агып жатканы тууралуу жакында болгон окуяга токтолуп, Садыр Жапаров көп кабаттуу үйлөрдө жашаган бардык жарандарды үйлөрүнө этият мамиле кылууга жана канализация, суу түтүктөрүн таштанды менен толтурбоого чакырды.

“Кемчиликтер бар, жок дебейбиз. Баары жипке тизгендей эмес, иштеген жерде кемчилик болбой койбойт. Бирок көч бара-бара түзөлөт да” деди президент.

Сүрөт: president.kg

.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты